
.
Аны иштеп чыгууга 2,5 жыл кетти. Салмагы 5 кг, баасы болжол менен 10-12 млн сом. Журналисттерге спутник Ленин заводунда көрсөтүлдү. Спутникти 1-октябрда Калифорния аймагынан учуруу пландалууда.
Минкаб төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков спутниктен алынган сүрөттөрдү жана башка маалыматтарды пайдалануу айыл чарбасын жаңы деңгээлге чыгарарын белгиледи. Үшүк жүрүү же кургакчылык коркунучун алдын ала байкап, түшүмдүүлүктү жогорулатуу үчүн да колдонсо болот.
"Буга чейин "Кыргыз электроника" компьютерлерди жана ККМ аппараттарын чогултуп келсе, бүгүн биз жаңы деңгээлге чыгып жатабыз", — деди Акунбеков.
"Кыргыз электроника" ААКнын директору спутник көп тармактуу экенин, мисалы, анда Айыл чарба министрлигине керектүү жогорку сапаттагы камералар бар экенин айтты.
Булак: Спутник кж