
.
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана парламенттин регламенти боюнча комитети 22-сентябрдагы жыйынында президенттик шайлоону дайындоо боюнча токтом долбоорун жактырды.
Эми комитеттин чечими Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына сунушталат.
Буга чейин президент Садыр Жапаров президенттик шайлоону мындан ары иштеп жаткан президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаган жылдын январь айынын төртүнчү шаршембисинде өткөрүүнү караган мыйзамга кол койгон.
Ушуга ылайык, кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтүшү күтүлүүдө.



