
.
Окуу китептери базарларга тарап кеткен окуя боюнча кылмыш иши козголгону айтылды
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков билдирди.
“Акыркы эки жылда окуу китептерин басып чыгарууга 1,3 млрд сом бөлүнгөн. Бирок буга карабай, ата-энелер китептерди сатып алууга аргасыз болуп жатышат. Жакында президент дагы 7 млрд сом бөлдү.Ата-энелер жана коомчулук окуу китептери мамлекет тарабынан каржыланып жатканына карабай, эмне үчүн базарда сатылып жатат деп нааразы болууда. Каражат “Учкунга” бөлүнгөн, бирок алар китептерди мектептерге жеткирген эмес”, — деген эл өкүлү.
Депутат козголгон кылмыш ишинин чоо-жайын ачыктаган эмес.