
.
Кыргызстанда биринчи жолу балага өпкөнүн бир бөлүгүн чоң кесик жасабай, чакан тешиктер аркылуу алып салуу операциясы жасалды.
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгерлери торакоскопиялык лобэктомия операциясын жүргүзүштү. Хирургиялык кийлигишүүнү шашылыш хирургия бөлүмүнүн башчысы Асылбек Кадыркулов жасаган.
Маалыматка ылайык, операция ийгиликтүү өтүп, бала ооруканадан чыгарылган. Учурда анын абалы жакшы.