
.
Свердлов райондук соту блогер Айтилек Орозбековду толук актады
Бишкектин Свердлов райондук соту 22-сентябрда тейлөө тармагында мамлекеттик тил боюнча талаптарды сактоо тууралуу видеолорду жарыялап жүргөн блогер Айтилек Орозбековду актады. Бул тууралуу блогер өзү «Азаттыкка» билдирген.
Анын айтымында, сот аны иш боюнча каралган беш эпизоддун бардыгы боюнча толугу менен актаган.
Орозбековдун иши сотто бир жарым жылдан бери каралып келген. Быйыл жазында сот жаңы комиссиялык-лингвистикалык экспертиза дайындаган. Анын жыйынтыгында блогердин аракеттеринде улут аралык кастыкты козутуу белгилери жок деген тыянак чыгарылган.
Буга чейин прокуратура Орозбековго 200 миң сом айып пул салууну соттон өтүнгөн.
Блогер 2025-жылдын май айында YouTube каналында «Куликов» кофеканасында кыргызча сүйлөгөн кардарлар тейленбегенин айтып, кыргыз тилин сыйлабаган жайга барбоого чакырган. Андан кийин Чүй облустук ички иштер башкармалыгы ага улуттук, расалык, этностук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Орозбеков 6-майда кармалып, кийин үй камагына чыгарылган.
Кийин «Куликов» компаниясы блогердин бөгөт чарасын өзгөртүп, аны камакка алууну өтүнгөн. Бирок соңунда тараптар элдешип, компания сотко берген арызын кайтарып алган.
Ошого карабастан, соттук териштирүү уланган. 22-сентябрда сот блогерди бардык эпизоддор боюнча актады.