
Кыргызстанда энергетика тармагындагы коррупциялык схемаларга байланышы бар деп айтылып келген Алексей Ширшов өзүнүн аты менен түзүлгөн коомдук фонд тууралуу комментарий берди.
Алексей Ширшов Караколго жардам берген фонду тууралуу комментарий берди
Кыргызстанда энергетика тармагындагы коррупциялык схемаларга байланышы бар деп айтылып келген Алексей Ширшов өзүнүн аты менен түзүлгөн коомдук фонд тууралуу комментарий берди.
Ширшовдун видеосу Каракол шаарынын мэри Талантбек Имановдун жана шаардык мэриянын Instagram баракчаларына жарыяланган. Анда ал «Ширшов фонду» жана фонддун Караколго көрсөткөн жардамы тууралуу айтып, фондду өзү каржылай турганын билдирген.
«Репутацияны калыбына келтирүүнүн башка жеңил жолдору бар. Мүмкүн, жардам бергенге убакыт келгендир. Экинчиден, менин жубайым бул жерден», — деген Ширшов.
Ал ошондой эле саясатка байланыштуу амбициясы жок экенин белгилеген.
Алексей Ширшовдун айтымында, бул анын коомчулукка биринчи жолу ачык кайрылуусу. Буга чейин анын Кыргызстанга келип, айрым мамлекеттик иштерге аралашып жүргөнү тууралуу маалыматтар чыккан. Бийлик өкүлдөрү бул боюнча комментарий берип келишкен.
Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, «Ширшов фонду» коомдук фонду 2026-жылдын 2-июнунда катталган. Фонддун башкаруучусу катары Ширшов Алексей Юрьевич көрсөтүлгөн. Фонд Каракол шаарын өнүктүрүүгө каражат бөлүп жатканы айтылууда.
Ширшовдун аты акыркы жылдары Кыргызстанда кайрадан көп талкууланып келет. Быйыл февралда ал «Жогорку Нарын ГЭС каскады» боюнча Кыргызстан менен Орусиянын делегацияларынын сүйлөшүүсүнө катышкан. Президент Садыр Жапаров Ширшов ГЭСтин курулушуна байланыштуу Кыргызстан менен «РусГидро» компаниясынын ортосундагы маселени чечүүгө жардам берип жатканын билдирген.
Ширшов буга чейин Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаев жана мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев менен байланышы бар экени айтылып келген. 2005-жылдагы март окуясынан кийин өлкөдөн чыгып кеткен. 2010-жылы Бакиевдин бийлиги кулагандан кийин ага издөө жарыяланган.
2022-жылы Ширшов кармалып, көп өтпөй бошотулган. Ошол учурда президент Садыр Жапаров аны менен жолукканын айтып, Максим Бакиевдин камакта турган каражаттарын Кыргызстанга кайтарууга көмөктөшөрүн билдирген.
Ал эми Каракол шаарынын мэри Талантбек Имановдун Ширшов менен байланышы бар экени тууралуу журналисттик иликтөөлөр чыккан. Иманов бул маалыматтарды четке кагып келет.