
.
Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги жерлерди инвесторлорго 50 жылга чейин пайдаланууга берүү сунушталууда.
Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитети биринчи окууда жактырды.
Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланованын маалыматына караганда, мыйзам долбоору өлкөгө инвестиция тартуу максатын көздөйт.
Долбоорго ылайык, жер алгач 10 жылга чейинки мөөнөткө берилет. Кийин бул мөөнөт 25 жылга чейин узартылышы мүмкүн. Инвестор инвестициялык келишимдеги милдеттенмелерин талаптагыдай аткарып, жерди пайдаланууну улантуу зарылдыгы жаралса, жалпы мөөнөт 50 жылга чейин жетет.
Талкууда депутаттар жергиликтүү ишкерлерге да жеңилдиктерди карап чыгуу, жерди пайдалануу мөөнөтү жана аны мамлекетке кайтаруу кепилдиктери боюнча суроолорду көтөрүштү.
Жыйынтыгында комитет депутаттардын сунуштарын эске алуу менен мыйзам долбоорунун концепциясын колдоду.



