
.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Кытайдын Чанша шаарына болгон иш сапарынын алкагында Хунань провинциясындагы ири курулуш компанияларынын бири — Hunan Construction Investment Group компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту.
Сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы борбор калаанын жол инфраструктурасын жакшыртуу маселеси болду. Жолугушууда тараптар Бишкектеги жолдорду куруу жана реконструкциялоо, заманбап транспорттук түйүндөрдү долбоорлоо, ошондой эле көчөлөрдүн өткөрүмдүүлүгүн жогорулатып, унаа тыгындарын азайтууга багытталган комплекстүү инженердик чечимдерди киргизүүнү талкуулашты.
Айбек Джунушалиев кытайлык өнөктөштөргө борбор калаадагы учурдагы транспорттук кырдаалды изилдеп чыгууну жана жол тармагына түшкөн жүктөмдү эске алуу менен конкреттүү долбоорлорду сунуштоону демилгеледи.
Өз кезегинде Hunan Construction Investment Group өкүлдөрү ири инфраструктуралык долбоорлорду эл аралык деңгээлде ишке ашыруудагы тажрыйбасы менен бөлүшүп, Бишкек мэриясы менен кызматташуунун түрдүү форматтарын кароого даяр экендиктерин билдиришти.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар сунуштарды деталдуу иштеп чыгуу, түз байланышты камсыздоо жана биргелешкен долбоорлорду практикалык ишке ашырууга өтүү боюнча макулдашууга келишти.