
.
Кыргызстанда Кызыл китепке кирген сейрек кездешүүчү жапайы жаныбарларга мыйзамсыз аңчылык кылып, зыян келтиргендерге ири өлчөмдө айып пул каралган. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги эскертти.
Министрликтин маалыматына ылайык, жаныбарларга келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн төмөнкүдөй айып пулдар белгиленген:
Мындан тышкары, мыйзамсыз аңчылык фактыларын аныктоо үчүн министрликтин инспекторлору тарабынан өлкө аймагында үзгүлтүксүз рейддер өткөрүлүп келет.
Мисалы, буга чейин Кара-Кулжа районунун Алайкуу айыл аймагындагы Кашка-Суу жайлоосунда бир тоо текесинин мыйзамсыз атылганы аныкталган.
Бул факты боюнча протокол түзүлүп, укук бузуучуга 12 миң 500 сом административдик айып салынган. Ошондой эле жаратылышка келтирилген зыян үчүн 300 миң сом өлчөмүндө доо коюлган.
Тиешелүү материалдар мыйзам чегинде кароо үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.