
.
Кыргызстандык спортчу Дастан Каныбек уулу Японияда өтүп жаткан XX Азия оюндарында ММА боюнча коло медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Дастан Каныбек уулу 60 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашты. Алгачкы беттешинде япониялык Кожиро Накашиманы 3:0 эсебинде жеңсе, чейрек финалда ирандык Чаедифар Аминди да 3:0 эсебинде утуп, жарым финалга жолдомо алган.
Жарым финалда ал өзбекстандык Фирдаус Атамуратов менен беттешип, 2:0 эсебинде жеңилди. Натыйжада кыргызстандык спортчу мелдешти коло медаль менен жыйынтыктады.
Бул Дастан Каныбек уулунун Азия оюндарындагы алгачкы медалы болуп, ошондой эле Кыргызстандын XX Азия оюндарындагы биринчи байгеси болду.
Кыргызстан Азия оюндарына спорттун 30 түрү боюнча катышууда. Өлкөнүн намысын 168 спортчу коргоп жатат. Алардын катарында 58 машыктыруучу, 7 дарыгер жана укалоочу бар.
Мелдештер 4-октябрга чейин уланат.