
.
Анжеликанын 16 жаштагы кызы Кыргызстанды эл аралык сулуулар сынагында таанытат
Кыргызстандык ырчы Анжелика кызы Элима эл аралык сулуулар сынагына катышарын билдирди.
Ырчы социалдык тармактагы баракчасына кызына күтүүсүздөн сынакка катышуу боюнча чакыруу келгенин жазган. Анын айтымында, Элима сунушту бир ай ойлонуп, катышууга макулдугун бүгүн берген.
16 жаштагы Элиманын бою 182 сантиметр. Бул анын алгачкы сулуулар сынагы болору айтылды.
Элима Кыргызстанды Miss Supermodel Worldwide 2026 эл аралык сынагында көрсөтөт.
Анжелика кызына колдоо көрсөтүүгө чакырып, «Жеңиш биз тарапта болуу керек» деп жазды.







