
.
MBusiness банктын ички системаларын өркүндөтүп, жаңы техникалык негизге өтөт. Бул жаңыртуу MBusiness-ке тиешелүү болот. Иштер пландуу жана ырааттуу түрдө, 31-июльдан 3-августка чейин жүргүзүлөт. Биз ар бир этапты көзөмөлдөйбүз, ошондуктан жаңыртуудан кийин бардык сервистер туруктуу жана адаттагыдай режимде иштейт.
Көңүл буруңуз: 1-августтан 3-августка чейин Кыргызстан боюнча банктын кеңселери иштебейт.
MBusiness
31-июльдан баштап MBusiness колдонмосуна жана веб-версиясына кирүү техникалык жаңыртуу мезгилинде жеткиликсиз болот.
31-июлдун саат 16:00гө чейин төмөнкүлөрдү жасап алууну сунуштайбыз:
Маанилүү төлөмдөрдү, контрагенттерге которууларды жана кызматкерлерге эмгек акы төлөөлөрдү жүргүзүү;
Салыктарды төлөө;
Ушул күндөрү керек болушу мүмкүн болгон көчүрмөлөрдү же реквизиттерди сактап коюу;
MBusiness колдонуучуларын сервистин убактылуу жеткиликсиз болушу тууралуу эскертүү;
Төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн колдонмодон статикалык QR-кодду басып чыгаруу;
SWIFT боюнча которууларды тариздөө (саат 13:00гө чейин);
Кредиттерди төлөө (саат 11:00гө чейин).
Маанилүү: эгерде сиздин пландуу төлөмүңүздүн күнү 1–4-августка туура келсе, аны мурдараак – 31-июльга чейин төлөй аласыз. Эгерде бул ыңгайсыз болсо, кабатырланбаңыз – техникалык жаңыртуу аяктагандан кийин, 5-августтун саат 16:00гө чейин төлөм жасаңыз. Бул учурда кредиттик тарыхыңызга зыян тийбейт жана пеня эсептелбейт.
MKassa
POS-терминалдар жана QR-коддор аркылуу төлөмдөрдү кабыл алуу адаттагыдай режимде иштейт. MKassa колдонмосу жана веб-версиясы да иштей берет: сиз транзакциялардын тарыхын реалдуу убакытта карап тура аласыз.
31-июльдан баштап төмөнкүлөр жеткиликсиз болот:
Каражаттарды эсептерге чыгаруу;
Толук көчүрмөнү (выписка) жүктөп алуу;
Жеткиликтүү суммаңызды көрүү.
Техникалык жаңыртуу аяктагандан кийин MBusiness-тин иши толугу менен калыбына келтирилет. Бардык сервистер кайрадан адаттагыдай режимде жеткиликтүү болот.
Ишенимиңиз үчүн рахмат!







