
"Канал-Янтарный берег" аталышындагы баңгизатка каршы эл аралык операциянын алкагында психотроптук заттарды мыйзамсыз сатууга шектелген төрт адам кармалды.
Милициянын маалыматына ылайык, кийинчерээк бул мыйзамсыз схеманы уюштурууга шектелген 54 жаштагы жаран да колго түшкөн. Анын үйүндө жүргүзүлгөн тинтүү учурунда 2,5 млн сом акча табылган. Ал каражат баңгизат соодасынан түшкөн болушу мүмкүн экени айтылды.
Укук коргоо органдары алынган психотроптук дары-дармектердин жалпы баасы 12 млн сомдон ашарын билдиришти.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда.