
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа долбоорунун алкагында Бишкек шаарындагы бак-дарактарды кыюу маселесине байланыштуу пикирин билдирди.
Министрдин айтымында, бак-дарактарды кыюу маселеси коомчулук тарабынан өтө сезимтал кабыл алынып, ар дайым кызуу талкуу жаратат. Ошол эле учурда ал кайсы дарактар жөнүндө сөз болуп жатканын так ажыратып кароо зарыл экенин белгиледи.
"Ар бир дарактын өзүнүн биологиялык жашоо мөөнөтү болот. Эгер сөз 50 жылдан ашык өскөн бактар тууралуу болуп жатса, анда биринчи кезекте коопсуздук маселеси эске алынат. Жакында болгон катуу шамал учурунда дарактардын унаалардын үстүнө кулап түшкөн учурлары мунун ачык мисалы болду", — деди министр.
Анын маалыматына ылайык, пландуу түрдө жүргүзүлгөн дарак кыюу иштери министрликтин аймактык башкармалыктарынын көзөмөлүндө жүргүзүлөт. Бактарды кыюуга тиешелүү долбоорлор жана бекитилген пландар болгон учурда гана уруксат берилет.
Токтобаев ошондой эле өлкөдө инфраструктураны жаңылоо жана кеңейтүү иштери активдүү жүрүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, 50 жыл мурда иштелип чыккан долбоорлор бүгүнкү күндүн талабына ылайык жаңыланып, көчөлөр кеңейтилип, жаңы социалдык жана инфраструктуралык объектилер курулууда.
Министр кыйылган бактардын ордун толтуруу маселеси өзгөчө көзөмөлдө экенин айтып, бир дарак кыйылган учурда анын ордуна милдеттүү түрдө беш көчөт отургузуу талабы коюларын кошумчалады.



