
1-июлдан тартып Бишкек шаарындагы сегиз автобустук каттамдын кыймыл схемасына өзгөртүүлөр киргизилет. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, өзгөртүү коомдук транспорт системасын реформалоонун алкагында жүргүзүлүп, №100, №101, №13, №33, №40, №44, №104 жана №226 автобустук каттамдарын камтыйт.
Мэрия шаар тургундарын жана борбор калаанын конокторун жаңы каттамдарды алдын ала тактап, сапарларын жаңыланган кыймыл схемасына ылайык пландап алууга чакырды.



