
Кыргызстандык спортчу Владислав Шулико дүйнөлүк чемпионаттын желек эстафетасынын алкагында өлкөнүн суу объектилерин сүзүп өтүүдө
Кыргызстандык сууда сүзүүчү Владислав Шулико дүйнөлүк F1H2O чемпионатынын желек эстафетасынын алкагында өлкөнүн бардык облустарындагы ири суу объектилерин сүзүп өтүүдө.
Суу-мотордук спорт федерациясынын маалыматына ылайык, спортчу жакында Нарын облусундагы бийик тоолуу Көл-Төр көлүн ийгиликтүү сүзүп өттү.
Долбоордун кийинки этабында Владислав Шулико Ысык-Көлдү сүзүп өтөт. Дал ушул көлдө 2026-жылдын күз айларында Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу F1H2O дүйнө чемпионаты өткөрүлөт.
Долбоордун негизги максаты – спортту жана сергек жашоо образын жайылтуу, спорттук туризмди өнүктүрүү, Кыргызстандын жаратылышы менен туристтик мүмкүнчүлүктөрүн дүйнөгө таанытуу, ошондой эле экологиялык маселелерге коомчулуктун көңүлүн буруу болуп саналат.