
Президент Садыр Жапаров "Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы санариптик экономика тармагындагы өнөктөштүк жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган документ Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу санариптик форматта кол коюлган мыйзам болуп калды.
Мыйзамды Жогорку Кеңеш үстүбүздөгү жылдын 3-июнунда кабыл алган.
Белгиленгендей, макулдашуу Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн санариптик экономика жаатындагы кызматташтыгын өнүктүрүүгө жана электрондук соода аркылуу соода байланыштарын чыңдоого багытталган. Аны ишке ашыруу санариптик кызматтарга болгон керектөөчүлөрдүн ишенимин арттырып, катышуучу мамлекеттердин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтет деп күтүлүүдө.
Документ электрондук соода, онлайн чөйрөдө керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, экспресс-жеткирүү кызматтары, жеке маалыматтарды коргоо жана электрондук коммерция жаатындагы бизнес-коомчулуктардын кызматташтыгы сыяктуу багыттарды камтыйт.
Белгилей кетсек, аталган макулдашууга 2024-жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган.