
Бул тууралуу Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
"Бүгүнкү күндө Өзбекстан менен чек араларды демаркациялоо маалында мурда Өзбекстанга тиешелүү болуп келген эки айыл жашоочулары менен кошо (болжол менен 2500 адам) Кыргызстанга өттү. Алар – мурда Фергана облусуна караштуу болуп келген Чоңгара жана Таш-Төпе айылдары. Бул айылдарда этникалык кыргыздар жашайт.Эми бул эки айылда каттоо иштери жүрүп, жашоочуларына Кыргызстандын жарандыгы берилет. Бул айылдардын ордуна кыргыз тарап Өзбекстанга чек ара тилкесинен теңме-тең жер бердик. Мындан сырткары, Сай айылынан Таян айылын көздөй жол салууга 236 гектар теңме-тең жерлер алмашылды. Кудай буюрса, мындан ары баткендиктер Айдаркенден Баткенге чейин 225 километр жол басып айланып жүрбөй, Сай айылынан Таян айылы аркылуу Баткенге чейин 55 километр жол жүрөбүз. Ошондой эле казак элине таандык болуп калган Токмоктун тушундагы 800 метр жол тилкесин теңме-тең жерге алмашуу боюнча дагы боордошторубузга сунуш бердик. Бул жол Алматы көчөсүнөн баштап Кеминге чейин (болжол менен 150 км) төлөнүүчү автомагистраль болмокчу. Бул маселелерди саясат кылмай жок",-деп жазган ал.