
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүнүн алкагында «Бирдиктүү терезе» автоматташтырылган маалыматтык тутумун ишке киргизет.
Министрликтин маалыматына ылайык, жаңы система жарандарга жана юридикалык жактарга документтерди электрондук форматта тапшырууга, кайрылуулардын аткарылышын онлайн көзөмөлдөөгө, ошондой эле лицензиялар менен уруксат берүүчү документтерди аралыктан алууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Белгиленгендей, «Бирдиктүү терезе» мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ачыктыгын жогорулатып, убакытты үнөмдөөгө жана мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү жеңилдетүүгө багытталган.
Буга байланыштуу юридикалык жактарга системада иштөө үчүн алдын ала булуттук электрондук санариптик кол тамга алуу сунушталууда. Ал система аркылуу авторизациядан өтүүдө жана документтерге электрондук кол коюуда колдонулат.
Министрлик бардык уюмдарды кызмат көрсөтүүлөрдүн электрондук форматына өтүүгө даярдык көрүүгө чакырды.