
Чүй районунда жаш өспүрүм зомбулукка кабылды деген видеокайрылуу боюнча текшерүү жүргүзүлүп баардык жагдай такталды
2026-жылдын 19-июнунда социалдык тармактардагы «tokmok_life» баракчасында жаш өспүрүмгө карата зомбулук көрсөтүлүп жаткандыгы тууралуу видео тасма жарыяланган.
Аталган окуя боюнча Чүй РИИБ тарабынан ыкчам түрдө текшерүү иштери уюштурулуп, факты 2026-жылдын 19-июнь күнү катталып, тергөөгө чейинки териштирүү башталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө жаш өспүрүмдүн көрсөтмөсү алынып, анын айтымында, аталаш агасы аны кичинекей кезинен камкордук көрсөтүп келет. Ошондой эле ал мектептен кийин жана дем алыш күндөрү тууганына мал чарбачылыгы боюнча жардам берип жүргөнүн билдирген.
Өспүрүмдүн айтымында, интернет булактарында тараган видеодо тууганы тарабынан колуна курч нерсе менен жаракат келтирилгендиги тууралуу айткан сөздөрүн ачууланган учурда ойлонбой айтып алган. Буга анын жөжөлөрдү карабай койгондугу үчүн агасынан уруш укканы себеп болгонун түшүндүргөн.
Мындан тышкары, жаш өспүрүм өзүнүн ата-энеси менен бирге жашай тургандыгын, ал эми видеодо сөз болгон адам анын аталаш агасы экендиги жана анын үйүнө дем алыш күндөрү гана барып жардам берип турарын билдирген.
Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында жаш өспүрүмгө карата системалуу түрдө зомбулук көрсөтүү же кыйноо фактылары аныкталган жок.
Учурда окуя боюнча бардык күбөлөр суралып, тиешелүү соттук экспертизалар дайындалып, окуянын бардык жагдайларын толук, объективдүү жана ар тараптуу аныктоого багытталган тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзам чегинде тиешелүү чечим кабыл алынат.