
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Кыргыз Республикасында тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир Аль-Ислами» диний-экстремисттик уюмунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча атайын иш-чара жүргүздү.
Мекеменин маалыматына ылайык, 2026-жылдын 17-июнунда козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө-ыкчам иш-чаралар өткөрүлгөн.
Тинтүү иштеринин жүрүшүндө кылмыш ишинин фигуранты жашаган жерден экстремисттик мазмундагы диний адабияттар жана уюлдук телефондор табылып, алар далил катары алынган.
Анын жыйынтыгында аталган диний-экстремисттик уюмдун активдүү мүчөлөрүнүн бири катары шектелген Д.М.Ш. кармалганы белгиленди.
УКМК жарандарды Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүнө катышуу кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келерин эскертип, мыйзам талаптарын так сактоого чакырды.