
Президент Садыр Жапаров ишкерлерди текшерүүгө киргизилген убактылуу мораторий боюнча жарлыкка өзгөртүү киргизип, ага кол койду.
Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, тамак-аштын сапаты менен коопсуздугун көзөмөлдөгөн санитардык-эпидемиологиялык кызматтар мораторийдин чектөөсүнөн чыгарылды. Эми аталган мекемелер калктын саламаттыгын коргоо максатында ишкерлерди текшерүүгө мыйзамдуу негизде укук алышат.
Жарлык расмий жарыялангандан кийин 10 күндөн соң күчүнө кирет.
Эске салсак, Кыргызстанда 2026-жылдын аягына чейин ишкерлерди пландан тышкары текшерүүгө тыюу салынган. Садыр Жапаров 18-февралда күч түзүмдөрүн жана көзөмөл органдарын бизнес өкүлдөрүнө негизсиз басым көрсөтпөөгө чакырып, ишкерлерди мыйзам талаптарын сактап, салыктарды өз убагында төлөөгө үндөгөн.
Ошол эле учурда жай мезгилинде абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу тамак-аштан уулануу учурлары көбөйөрү белгиленүүдө. Ушуга байланыштуу Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти коомдук тамактануу жайларына жана тамак-аш жеткирүү кызматтарына коопсуздук талаптарын так сактоо боюнча эскертүү тараткан.