
Облустук жол милициясынын маалыматына ылайык, окуя 17-июнда болгон
Шаар тургуну Ж.Бакиев көчөсүндөгү дүкөндүн алдына унаасын токтотуп кеткен. Ошол учурда эки кыз автоунааны айдай качкан.
Жол тескөөчүлөр уурдалган автоунааны таап, шектүүлөрдү кармашкан. Окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.