
Мамлекеттик салык кызматы билдиргендей, ишкерлер соода жүргүзүү үчүн патентти аралыктан жолжоболоштура алышат.
Ал үчүн мекеменин cabinet.salyk.kg расмий сайтына кирүү зарыл.
Базарлардан тышкары жерлерде (дүкөн, кафе, онлайн-соода же өзүнчө имараттарда) иштеген ишкерлердин патентинин баасы алардын жылдык кирешесинин көлөмүнө жараша эсептелет. Тагыраагы, ишкер жылына канча киреше табарын өзү көрсөтөт.
Кошумча маалымат алуу үчүн Мамлекеттик салык кызматына же анын аймактык башкармалыктарына кайрылсаңыз болот.