
Кыргызстанда геологиялык парктарды түзүүгө багытталган мыйзам долбоору 22-июнда Жогорку Кеңештин профилдүү комитеттеринде биринчи окууда каралды.
Демилгечилердин айтымында, геопарктарды түзүү туризмди өнүктүрүүгө, бюджетке кошумча киреше алып келүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө шарт түзөт. Ошондой эле жаратылышты бузбай сактоого көмөк көрсөтөт.
Мыйзам долбоорун тааныштырып жатып депутат Камила Талиева учурда геологиялык парктар тууралуу өзүнчө мыйзам жок болгондуктан, өлкөдөгү баалуу жаратылыш аймактары жетиштүү деңгээлде корголбой жатканын белгиледи.
Анын айтымында, учурда Кыргызстанда эки гана геопарк бар — Ысык-Көл облусундагы Тескей жана Баткен облусундагы Мадыген аймагы. Жаңы мыйзам мындай аймактарга өзгөчө макам берип, аларды сактоого мүмкүнчүлүк түзөт.
Талкуу маалында депутат Махабат Мавлянова кен байлыктарды казуудан тышкары геологиялык парктарды көбөйтүү зарылдыгын белгилеп, туризм экономиканын маанилүү багыттарынын бири болушу керектигин айтты.
Маалыматка ылайык, геологиялык парктар жөнүндө мыйзам Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен алгачкылардан болуп Кыргызстанда сунушталууда.