
Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 23 жаштагы келин күйөөсү тарабынан сабалганын айтып милицияга кайрылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы маалымдады.
Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө үй-бүлөлүк чыр-чатактын кесепетинен 32 жаштагы жолдошу жубайына дене жараатын келтиргени аныкталган. Окуядан кийин аялга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, ага карата убактылуу коргоо ордери берилген.
Экспертизанын жыйынтыгында жабырлануучунун алган жаракаттары жеңил деп бааланган. Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 136-беренеси («Ден соолукка жеңил залал келтирүү») менен кылмыш иши козголду.
Кийинчерээк келин экспертизанын корутундусуна макул эместигин билдирип, кайрадан соттук-комиссиялык экспертиза өткөрүүнү суранган. Учурда анын арызы мыйзам чегинде каралууда.