
Кыргызстан жакынкы он жылдыкта экономикалык чоң секирик жасай алат. Бул тууралуу мурдагы президент Аскар Акаев Ысык-Көлдө өткөн иш-чарада билдирди.
Анын айтымында, өлкөдөгү азыркы экономикалык өсүш темпи сакталып калса, Кыргызстан алдыдагы жылдары олуттуу өнүгүүгө жетишет.
Акаев акыркы жылдары экономикалык көрсөткүчтөрдүн жакшырып жатканын белгилеп, социалдык тармактарда да оң өзгөрүүлөр байкалып жатканын айтты.
«Бүгүнкү күндө Кыргызстандын экономикасы туруктуу өсүү жолуна түштү. Социалдык чөйрөдө да жакшы жылыштар бар. Өлкөдө экологиялык жактан таза энергия өндүрүү багыты өнүгүп жатат. Ошондой эле Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу жүрүүдө. Бул долбоор аймактык байланыштарды чыңдап, Улуу Жибек жолунун жаңы доордогу уландысы болот», — деди ал.
Мурдагы президент ири экономикалык максаттарга жетүү үчүн убакыт жана ырааттуу саясат керек экенин белгиледи. Анын баамында, экономикалык олуттуу өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу үчүн кеминде 8–10 жыл талап кылынат.