
Мамлекет бүгүнкү блогерди же программистти эмес, келечекте медиахолдингге, IT-компанияга же ири чыгармачыл студияга айлана турган долбоорлорду колдоого алууда.
Бул тууралуу Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов билдирди. Ал айрым блогерлер салыктан жеңилдиктин кереги жок экенин айтып чыгышканын белгиледи.
"Көптөр бүгүнкү күнгө чейин блогерди жөн гана телефон кармаган адам катары көрүшөт. Бирок бүгүнкү ийгиликтүү блогер — бул чакан медианын өзү. Ал эми эртең ал журналисттери, операторлору, монтажёрлору, продюсерлери жана маркетологдору бар толук кандуу медиакомпанияга айланышы мүмкүн. Демек, бул — жаңы жумуш орундары, өздүк долбоорлор жана келечектеги салыктар дегенди билдирет", — деди Шыкмаматов.
Салык кызматынын башчысы бул жеңилдиктерди айрым адамдарга берилген артыкчылык эмес, жаңы экономиканы өнүктүрүүгө багытталган инвестиция деп атады."Жылдар бою биз "адегенде салык төлө, анан өнүк" деген принцип менен жашап келдик. Бүгүн президент "адегенде өсүп-өнүк, бутуңа бекем тур, өнүм жарат, андан кийин гана ири салык төлөөчү бол" деген башкача моделди сунуштап жатат", — деди ал.
Эске салсак, буга чейин IT-адистер, стартапчылар жана блогерлер үчүн салыктык каникул жарыяланган. Мунун ичинен блогерлер үчүн берилген жеңилдиктер коомчулуктун нааразычылыгын жараткан. Айрымдар "блогерлер ири киреше тапканы менен жарыткан деле салык төлөшпөйт, эми андан да жеңилдик берилгени адилетсиз" деп эсептешүүдө.