
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) эл аралык баңгизат ташуу каналынын ишине бөгөт коюп, трансулуттук баңги топту аныктады.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, операция Ооганстан – Тажикстан – Кыргызстан багыты аркылуу баңгизаттарды ташып, андан ары КМШ өлкөлөрүнө жеткирүүнү уюштурган кылмыштуу тармакты аныктоо боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында ишке ашырылган.
Тергөөнүн жүрүшүндө көзөмөлдөнгөн жеткирүү ыкмасы колдонулуп, Кыргыз Республикасынын жараны К.У.Б. кармалган. Аны кармоо учурунда мыйзамсыз жүгүртүүдөн өзгөчө ири көлөмдөгү гашиш баңгизаты алынганы айтылды.
Учурда укук коргоо органдары кылмыштуу схеманын бардык катышуучуларын жана мүмкүн болгон байланыштарын аныктоо үчүн кошумча ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүп жатат.