
Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 2026-жылдын июль айында Кыргызстанда абанын температурасы климаттык нормадан 1–1,5 градуска жогору болушу күтүлүүдө. Айрым аймактарда ысык 40 градуска чейин жетиши мүмкүн.
Мекеме тараткан бир айлык аба ырайынын божомолунда өлкөнүн бардык аймактарында күндүн табы жогору болору белгиленген.
Чүй облусу:
Түнкүсүн абанын температурасы 11…16 градустан 20…25 градуска чейин, күндүз 24…29, айрым күндөрү 33…38 градуска чейин көтөрүлөт. Кемин өрөөнүндө жана тоо этектеринде түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23, айрым күндөрү 27…32 градуска чейин жылыйт.
Талас облусу:
Түнкүсүн 7…12 градустан 14…19 градуска чейин, күндүз 23…28, айрым күндөрү 33…38 градуска чейин ысыйт.
Ош облусу:
Түнкүсүн 12…17, кээде 20…25 градуска чейин, күндүз 25…30, айрым күндөрү 35…40 градуска чейин жетет. Тоо этектеринде түнкүсүн 8…13төн 16…21 градуска чейин, күндүз 24…29, айрым күндөрү 32…37 градуска чейин болот.
Жалал-Абад облусу:
Түнкүсүн 12…17, айрым учурларда 20…25 градус, күндүз 25…30, айрым күндөрү 35…40 градуска чейин ысыйт. Тоо этектеринде түнкүсүн 8…13төн 16…21 градуска чейин, күндүз 24…29, 32…37 градуска чейин көтөрүлөт.
Баткен облусу:
Түнкүсүн 12…17ден 20…25 градуска чейин, күндүз 25…30, айрым күндөрү 35…40 градуска чейин ысыйт. Тоолуу райондордо түнкүсүн 8…13, 16…21 градус, күндүз 32…37 градуска чейин жетет.
Ысык-Көл облусу:
Түнкүсүн 7…12, айрым учурда 14…19 градус, күндүз 19…24, кээ бир күндөрү 28…33 градуска чейин көтөрүлөт.
Нарын облусу:
Түнкүсүн 4…9, айрым түндөрү 12…17 градуска чейин, күндүз 20…25, айрым күндөрү 30…35 градуска чейин ысыйт.