
Кыргызстанда IT адистери, жасалма интеллект тармагында иштегендер жана креативдүү индустрия өкүлдөрү үчүн жаңы салыктык жеңилдиктер киргизилди. Бул боюнча президент Садыр Жапаров тиешелүү жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, программалык камсыздоо иштеп чыгуучулар, мобилдик тиркемелерди түзгөндөр, жасалма интеллект багытында эмгектенген адистер, блогерлер, стартаптардын негиздөөчүлөрү, чет өлкөлүк компаниялар үчүн аралыктан иштеген кызматкерлер, ошондой эле кино, видео жана телеберүү өндүрүшү менен алектенгендер беш жылдык мөөнөткө кирешеге байланыштуу салыктардан бошотулат.
Мындан тышкары, аталган тармактар үчүн киреше салыгынын жеңилдетилген ставкасы 5 пайыз, ал эми камсыздандыруу төгүмдөрү 12 пайыз өлчөмүндө белгиленет.
Мамлекеттик салык кызматы билдиргендей, бул чаралар өлкөдө IT секторун, жасалма интеллект технологияларын жана креативдүү индустрияларды өнүктүрүүгө өбөлгө түзүп, чет өлкөлүк инвесторлорду, инновациялык компанияларды жана жогорку квалификациялуу адистерди тартууга шарт түзөт.
Ошондой эле жеңилдетилген салык режими ишкерлерге жаңы долбоорлорду ишке ашырууга, заманбап технологияларды киргизүүгө жана ата мекендик компаниялардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга көмөк көрсөтөрү белгиленди.