
Бишкекте мас абалындагы айдоочунун катышуусунда жол кырсыгы катталып, беш автоунаа кагышып, бир адам жабыркады. Бул тууралуу ЖКККББ маалымдады.
Маалыматка ылайык, кырсык түнкү саат 23:45 чамасында Алыкулов менен Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Алдын ала маалымат боюнча, мас абалда Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунааны башкарып бара жаткан айдоочу алдыда бара жаткан эки Audi үлгүсүндөгү унааны сүзгөн. Кагылышуунун натыйжасында Audi автоунаалары Renault Logan жана Kia K7 үлгүсүндөгү машиналарга урунган.
Кырсыктын кесепетинен Kia K7 автоунаасынын жүргүнчүсү жаракат алып, медициналык жардам алуу үчүн ооруканага кайрылган.



