
2027-жылдын 1-январынан тарта мамлекеттик мектептердин башталгыч класстарынын окуучуларын тамактандырууга бөлүнгөн каражат күнүнө 40 сомго чейин көбөйтүлөт.
2027-жылдын 1-январынан тарта мамлекеттик мектептердин башталгыч класстарынын окуучуларын тамактандырууга бөлүнгөн каражат күнүнө 40 сомго чейин көбөйтүлөт. Тиешелүү чечимге президент Садыр Жапаров кол койгонун “Ынтымак ордо” билдирди.
Учурда өлкөдөгү жалпы билим берүүчү мектептердин 1–4-класстарынын окуучуларынын тамактануусуна бюджеттен бир окуучуга күнүнө 14 сомдон каражат каралган.
Маалыматка ылайык, каржылоо көлөмүнүн көбөйүшү окуучулардын тамак-аш рационуна эт жана балык азыктарын, сүт азыктарын көбүрөөк киргизүүгө, жашылча-жемиштердин түрүн арттырууга жана тамактануунун сапатын жакшыртууга шарт түзөт. Ошондой эле белок, май жана көмүртектер боюнча тең салмактуу тамактанууну камсыздоого мүмкүнчүлүк берет.
Белгилей кетсек, окуучулардын тамак-ашын уюштурууга байланышкан жобо 2006-жылы кабыл алынган. Алгач мамлекеттик мектептердеги башталгыч класстын окуучуларына күнүнө 7 сомдон, ал эми бийик тоолуу аймактардагы мектептердин окуучуларына 10 сомдон бөлүнүп келген.



