
Кыргызстан расмий түрдө Европа Биримдигинин авиациялык коопсуздук боюнча “кара тизмесинен” чыгарылды. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстан 2006-жылдын 22-мартында Евробиримдиктин учуу коопсуздугу боюнча тизмесине киргизилген. Ага өлкөдөгү жарандык авиация тармагын көзөмөлдөө системасындагы кемчиликтер, эл аралык стандарттарга жооп бербеген ченемдик база жана коопсуздук боюнча мамлекеттик көзөмөлдүн жетишсиздиги себеп болгон.
Акыркы үч жылда бул багытта масштабдуу реформалар жүргүзүлгөн. 2023-жылы Кыргызстан Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ICAO) аудитинен ийгиликтүү өтүп, учуу коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч жараткан олуттуу мыйзам бузуулар катталган эмес.
2023–2026-жылдары авиация тармагындагы мыйзамдар жаңыланып, улуттук талаптар ICAO жана Евробиримдиктин стандарттарына шайкеш келтирилди. Ошондой эле инспекторлорду даярдоо системасы реформаланып, агенттиктин кадрдык жана техникалык мүмкүнчүлүктөрү күчөтүлгөн.
Бул мезгилде агенттиктин инспекторлорунун саны 53төн 73кө чейин көбөйүп, мекеменин бюджети 62 миллион сомдон 260 миллион сомго жеткен. Каражаттар кызматкерлерди окутууга, эл аралык квалификацияларды алууга жана мамлекеттик көзөмөлдүн заманбап механизмдерин киргизүүгө жумшалган.
2025-жылы жана 2026-жылдын башында Еврокомиссия менен Европа авиациялык коопсуздук агенттигинин (EASA) эксперттери бир катар текшерүүлөрдү жүргүзүп, Кыргызстан тарабынан берилген бардык сунуштар аткарылганын белгилешкен.
Жыйынтыгында, 2026-жылдын 9-июнунда Европа комиссиясы Кыргызстанды авиациялык “кара тизмеден” чыгаруу тууралуу расмий чечим кабыл алды.
Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги бул чечимди өлкөнүн авиация тармагындагы тарыхый жетишкендик деп атап, анын натыйжасында эл аралык аба каттамдарын кеңейтүүгө, жаңы авиабағыттарды ачууга жана өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн белгиледи.