
Бишкекте көрүстөндөн жерди алдын ала брондоо 150 миң сомдон ашышы мүмкүн
ишкекте көрүстөндөн алдын ала жер брондоонун баасы 150 миң сомдон ашышы мүмкүн. Бул боюнча калаа мэриясы даярдаган токтом долбоору шаардык кеңештин кароосуна сунушталды.
Документке ылайык, бир көрүстөн участогун брондоонун жалпы наркы 150 миң 647 сомду түзөт. Анын ичинен 100 миң сом мыйзамда каралган негизги төлөм болсо, 50 миң 647 сом кошумча тейлөө кызматтарына эсептелген.
Кошумча кызматтарга мүрзө жайгашкан аймакты көрктөндүрүү, тосуу, тазалоо, жашылдандыруу, сугаруу жана таштанды чыгаруу иштерин жүргүзүү кирет.
Эсептөөлөр аянты 10 чарчы метр болгон бир участокту 10 жыл бою тейлөө чыгымдарынын негизинде жүргүзүлгөн. Маалыматта көрсөтүлгөндөй, бир жолку чыгым 23 миң 722 сомду, 10 жылдык тейлөө чыгымы 14 миң 711 сомду түзөт. Ал эми административдик жана чарбалык чыгымдар 7 миң 610 сом деп бааланган.
Натыйжада жалпы чыгым 46 миң 43 сом болуп, ага 10 пайыз рентабелдүүлүк кошулгандан кийин кошумча кызматтардын наркы 50 миң 647 сом болуп чыккан.