
Жогорку Кеңеште Жибек Урустемованын иши боюнча соттук процесс кечеңдеп жатканы көтөрүлдү
Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева 3-июндагы жалпы отурумда 2025-жылы күйөөсүнүн колунан каза тапкан Жибек Урустемованын иши боюнча соттук териштирүү кечеңдеп жатканына көңүл бурду.
Анын айтымында, маркумдун балдары апасынын өлүмү боюнча сот иши бир нече жолу жылдырылганын айтып, даттанышкан. Депутат соттук отурумдар айыптоочу тараптын катышпагандыгына байланыштуу беш жолу кийинкиге жылдырылганын белгиледи.
Сурабалдиева ошондой эле Жибек Урустемова көзү тирүү кезинде Мамлекеттик ипотекалык компаниядан батир алганын, анын кредиттик карызын мамлекет жоюу боюнча убада бергенин эске салды.
Депутаттын билдирүүсүнө ылайык, өкмөт тарабынан батирдин карызы жабылганы тууралуу маалымат болгону менен, муну тастыктаган расмий документ азыркыга чейин берилген эмес. Ошондой эле батирди толук каттоо соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин гана мүмкүн экени айтылган.
Ал балдардын абалы оор экенин белгилеп, алардын улуусу студент, ал эми эки кичүүсү мектепте окуй турганын кошумчалады. Сурабалдиева президенттин парламенттеги өкүлүнө кайрылып, маселени чечүүгө көмөк көрсөтүүнү суранды.



