
Бишкекте бүгүн эртең менен жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен бир адам каза болду
Бишкекте бүгүн эртең менен жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен бир адам каза болду. Бул тууралуу Кайгуул милициясы маалымдады.
Маалыматка ылайык, саат 07:00дөр чамасында Манас проспектиси менен Рыскулов көчөсүнүн кесилишинде KIA Optima үлгүсүндөгү унаа каршы тилкеге чыгып кетип, Renault автоунаасы менен сүзүшкөн. Андан соң унаалардын бири жүргүнчү ташыган автобуска урунган.
Кырсыктын кесепетинен KIA Optima унаасынын 22 жаштагы айдоочусу тез жардам кызматкерлери келгенге чейин окуя болгон жерде көз жумган. Ошондой эле эки адам ар кандай жаракаттарды алып, ооруканага жеткирилген.