
Бишкекте мыйзамсыз кеңейтилген балкондор буздурулат
Бишкекте мыйзамсыз кеңейтилген балкондор этап-этабы менен буздурулуп, баштапкы абалына келтирилет. Бул тууралуу шаардык мэрия маалымдады.
Маалыматка ылайык, курулуш талаптарын бузуу менен өзгөртүлгөн объектилердин ээлерине мыйзамга ылайык эскертмелер жана тиешелүү көрсөтмөлөр берилген.
Мэриянын билдиришинче, айрым батир ээлери жашаган жеринде болбогондуктан, демонтаждоо иштери убактылуу токтотулган. Анткени турак жай ээлери жок учурда балкондорду бузуу иштерин жүргүзүүгө мүмкүн эмес.
Шаар бийлиги мурда көрсөтмө берилген мыйзамсыз курулуштардын бардыгы сөзсүз түрдө алынарын белгиледи. Алардын айтымында, иштер мыйзамдын негизинде жүргүзүлүп, эч кимге өзгөчө шарт каралган эмес.
Эске салсак, Бишкек шаардык кеңешинин токтомуна ылайык, көп кабаттуу үйлөрдүн балкондорун өз алдынча кеңейтүүгө, өзгөртүүгө, айнектөөгө, сырдоого же имараттын фасадынын архитектуралык көрүнүшүн бузгандай кылып кайра курууга тыюу салынат.