
“Бала ырысы” жөлөк пулуна арыздарды кабыл алуу 1-июлдан башталат
Кыргызстанда 2026-жылдын 1-июлунан тарта үч жашка чейинки балдар үчүн «Бала ырысы» универсалдуу жөлөкпулу төлөнө баштайт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде өткөн маалымат жыйынында белгилүү болду.
Министр Канат Сагынбаевдин айтымында, жаңы программа Президенттин үй-бүлөнү, энеликти жана балалыкты колдоого багытталган мамлекеттик саясатынын алкагында ишке ашырылууда.
Маалыматка ылайык, өлкөдө үч жашка чейинки 440 миңден 470 миңге чейинки бала жөлөкпул алууга укуктуу болот. Программаны каржылоого мамлекет жыл сайын болжол менен 6,4 миллиард сом бөлүүнү пландап жатат. Ал эми 2026-жылы программа жарым жылдан тарта ишке киргендиктен, 3,1 миллиард сом каражат талап кылынат.
Министр белгилегендей, «Бала ырысы» жөлөкпулу балдардын ден соолугуна, өнүгүүсүнө жана келечегине багытталган мамлекеттик инвестиция болуп саналат.
Жөлөкпул дайындоо процесси толугу менен санариптештирилет. Зарыл болгон маалыматтар «Түндүк» системасы аркылуу автоматтык түрдө алынат. Ошондой эле ата-энелер мобилдик тиркеме аркылуу онлайн арыз бере алышат.
Маалымат жыйынында сөз сүйлөгөн ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Тапа бул программаны өлкөнүн социалдык коргоо системасын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам катары баалады.
Ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү баланын жашоосундагы алгачкы 1000 күн анын ден соолугу жана өнүгүүсү үчүн чечүүчү мезгил экенин белгилешти.
Белгилей кетсек, «Бала ырысы» программасы Кыргызстандын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын алкагында ишке ашырылып, балдарды колдоону күчөтүүгө багытталган.







