
Борбор шаарда ижарага берилген самокаттардын ылдамдыгына чектөө киргизилип, эми алар саатына 15 чакырымдан ылдамыраак жүрө албайт
Окурмандын маалыматына ылайык, бүгүн эртең менен эки компаниянын электр самокаттары дал ушул жаңы белгиленген ылдамдык менен иштей баштаган.Буга чейин шаардык бийлик самокаттардын максималдуу ылдамдыгын кыскартуу чечимин кабыл алган. Мурда алар саатына 25 чакырымга чейин жүрсө, эми бул көрсөткүч 15 чакырымга чейин төмөндөтүлдү.Мындай чара шаар тургундарынан келип түшкөн көптөгөн арыз-даттануулардан улам кабыл алынган.