
сүрөт интернет булактарынан колдонулду
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Литва Республикасынын Шауляй шаарындагы ооруканада каза болгон кыргыз жараны боюнча расмий маалымат берди.
ТИМдин билдирүүсүнө ылайык, Д.И. аттуу жаран 3-май күнү республикалык ооруканада көз жумган. Бирок анын ооруканага кандай жагдайда түшкөнү — кырсыктан уламбы же оорунун айынанбы — так айтылган эмес.
Жаран каза болгону тууралуу кабар алынгандан кийин Кыргызстандын Беларустагы элчилиги маркумдун жакындары жана оорукана кызматкерлери менен дароо байланыш түзгөн. Ошондой эле анын сөөгүн мекенине жеткирүү үчүн керектүү документтик жана уюштуруучулук иштер башталган. Бул процесске Литвада жашаган кыргызстандыктар да көмөк көрсөтүп, каржылык жардам чогултушкан.
ТИМ белгилегендей, учурда Кыргызстандын Беларустагы элчилиги Германиядагы элчилик менен биргеликте маркумдун сөөгүн Кыргызстанга кайтаруу иштерин тездетүүдө. Мындан тышкары, консулдук колдоо көрсөтүлүп, бардык зарыл процедуралардын аткарылышы көзөмөлгө алынган жана маркумдун туугандары менен үзгүлтүксүз байланыш кармалып турат.
Белгилей кетсек, Литвада Кыргызстандын өзүнүн элчилиги же консулдук мекемеси жок болгондуктан, ал жактагы жарандарды Кыргызстандын Беларустагы элчилиги тейлейт.



