
сүрөт маалыматтык максатта интернет булагынан колдонулду
Кыргызстанда мобилдик байланыш тармагындагы абоненттердин саны 7 миллион 848 миңге жетти. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети 7-май – Байланыш кызматкерлеринин күнү менен байланыштуу маалыматында билдирди.
Маалыматка ылайык, он жыл мурун өлкөдө уюлдук телефон колдонгондордун саны болжол менен 6 миллионго жакын болгон.
Ал эми стационардык телефон колдонуу тескерисинче азайган. Он жыл мурда 459 миңге жакын абонент болсо, учурда алардын саны 142 миңге чейин кыскарган.
2025-жылга карата өлкө аймагында жалпы 746 телефон станциясы иштеп жатат. Анын 546сы шаарларда, ал эми 200ү айыл жерлеринде жайгашкан.
Расмий маалыматтарда белгиленгендей, 2025-жылы байланыш кызматтарынын көлөмү 39 миллиард сомдон ашып, өткөн жылга салыштырмалуу 6,3 пайызга өскөн.
Тарыхый маалыматка ылайык, 1895-жылдын 7-майында орус окумуштуусу Александр Попов радио байланышты ойлоп тапканын жарыялаган. Совет мезгилинде 1945-жылдан тартып 7-май Радио күнү катары белгиленип келген. Кыргызстанда болсо 1995-жылдын 17-апрелиндеги өкмөттүк токтом менен бул күн Байланыш жана радио күнү катары белгиленген.



