
Ноокат райондук аскер комиссариатынын кызматкери опузалоо фактысы боюнча кармалды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында Ноокат райондук аскер комиссариатынын кызматкери кармалганын маалымдайт.
2026-жылдын 28-апрелинде опузалап талап кылынган акча каражаттарын алган учурда Ноокат райондук аскер комиссариатынын 2-бөлүмүнүн башчысы, майор С.у.М. кармалды. Ал кылмыш-жаза ишинин алкагында жоопко тартылууда.
Кармалган жаран сотко чейинки кармоо жайына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.