
Парламенттин комитети министрликте көчмө жыйын өткөрүп, агрардык тармактагы негизги маселелерди талкуулады.
Жогорку Кеңештин агрардык саясат боюнча комитетинин депутаттары министрликте көчмө жыйын өткөрүп, тармактагы актуалдуу маселелерди талкуулашты.
Жыйынга министрдин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу жана тиешелүү адистер катышты. Анда 2025-жылдын жыйынтыктары, 2026-жылга карата пландар жана акыркы айларда аткарылган иштер каралды.
Ошондой эле ирригация, таза суу, жайыттарды башкаруу, жерди натыйжалуу пайдалануу, кооперативдерди өнүктүрүү жана органикалык продукцияны экспорттоо маселелери көтөрүлдү.
Министрлик айтылган сунуштар жана көйгөйлөр көзөмөлгө алынып, аларды чечүү боюнча иштер улантыларын билдирди.