
Кыргызстан менен Франция ИИМ деңгээлинде кылмыштуулукка каршы кызматташтыкты кеңейтүүнү жана реадмиссия маселесин талкуулашты.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Борбордук аппаратында министрдин орун басары, милициянын генерал-майору Нурбек Абдиев Франциянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николя Фай менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери каралды. Өзгөчө көңүл кылмыштуулук менен күрөшүү жаатында өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө, тажрыйба алмашууга жана адамдарды реадмиссиялоо боюнча өкмөттөр аралык келишим түзүү мүмкүнчүлүгүнө бурулду.



