
Нарында катуу ылдамдыкта келе жаткан унаа эки жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти.
Окуянын видеосу социалдык тармактарга тарап, коомчулукта талкуу жаратты.
Кадрларда унаа алдыдагы транспорттон качууга аракет кылып, токтой албай каршы тилкеге чыгып кеткендиги жана жол жээгинде бара жаткан жөө адамдарды сүзүп алганы көрүнөт.
Учурда бул окуя боюнча тиешелүү органдар расмий маалымат бере элек.