
Чет элдик маалымат каражаттарынын билдиришинче, Иран Сауд Арабиясындагы «Султан» авиабазасына ракета жана учкучсуз аппараттар менен сокку урган.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, чабуулда алты баллистикалык ракета жана ондогон дрондор колдонулган. Натыйжада кеминде 15 америкалык аскер жаракат алып, алардын айрымдарынын абалы оор экени кабарланууда. Ошондой эле айрым аскердик учактар жабыркаганы айтылат.
Бул окуя АКШ жана Израил менен чыңалуу күчөп жаткан шартта орун алганы белгиленүүдө.