
Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев «2026-жылга балык уулоо сезонунун ачылышы» аттуу эл аралык спорттук иш-чарага катышты.
Ал Кыргызстан тоолуу өлкө болуу менен бирге Борбор Азиянын «суу мунарасы» экенин белгилеп, өлкөдө ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо үчүн бардык шарттар бар экенин айтты.
Анын айтымында, балык чарбасы өлкөдө ийгиликтүү өнүгүп, ички суроо-талапты толук камсыздап, экспортко да чыгып жатат. Бул багытта мамлекеттик органдар менен илимий мекемелер биргелешип иш алып барууда. Ошондой эле «Агро-смарт» аркылуу электрондук балык уулоо билети киргизилген.
Касымалиев кыргызстандык спортчулар эл аралык мелдештерде жакшы жыйынтык көрсөтүп жатканын белгиледи. Маселен, «фидер» дисциплинасында курама команда 2024-жылы Испанияда өткөн дүйнө чемпионатында 20-орунду ээлеген. Ал эми апрелде Италияда өтө турган 15-дүйнөлүк чемпионатка даярдык көрүлүүдө.
Ал балык уулоо сабырдуулукту, чыдамкайлыкты жана ички күчтү калыптандырарын айтып, 2026-жылга «фидер» сезонун расмий түрдө ачык деп жарыялады.