Чеченстанда катуу жааган жамгырдан кийин өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.
Чет элдик маалымат каражаттары билдиргендей, нөшөрлүү жаандан улам суу ташкыны пайда болуп, жүздөгөн турак жайларды суу каптады. Катуу жаан-чачын Түндүк Кавказ аймагында 27-марттан тарта башталган.
Маалыматтарга ылайык, аймакта эң көп жабыркаган регион катары Дагестан көрсөтүлүүдө.