
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматы жайыт жерлеринде автоунаа жана башка техникаларды айдоого тыюу салынганын эскертти.
Ведомствонун маалыматына ылайык, акыркы учурда айрым жарандар эндуро мотоциклдерди, квадроциклдерди жана автоунааларды жайыттарда көңүл ачуу максатында колдонуп жатышат. Бул көрүнүш жер кыртышынын бузулушуна, өсүмдүктөрдүн жок болушуна жана жайыттардын деградациясына алып келери белгиленди.
Белгиленгендей, жайыт жерлерине зыян келтирген учурларда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык административдик чаралар көрүлөт, ошондой эле материалдар тиешелүү органдарга өткөрүлүшү мүмкүн.
Ушуга байланыштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматы жарандарды жайыт аймактарында транспорт каражаттарын мыйзамсыз колдонбоого, экологиялык талаптарды сактоого жана мындай техникаларды атайын уруксат берилген жерлерде гана пайдаланууга чакырды.
Ведомство жайыт жерлери мамлекеттик менчик болуп саналып, өзгөчө коргоого алынганын белгилеп, жарандарды табигый ресурстарга аяр мамиле кылууга үндөдү.